Өзбекстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 27 миң 793кө жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Ага ылайык, акыркы бир суткада 171 адамдан илдет аныкталса, 732 бейтап оорудан сакайган. Тилекке каршы сутка ичинде 6 адам кайтыш болгон.
Коронавирус илдети башталгандан бери Өзбекстанда 18 миң 783 бейтап сакайса, тилекке каршы 171 адам оорудан кайтыш болгон.
Коронавирус инфекциясы Өзбекстанда алгачкы жолу 15-мартта катталган.