"Samsung" компаниясы өзүнүн жаңы үлгүлөрүн расмий түрдө көрсөттү

"Samsung" компаниясы өзүнүн жаңы үлгүлөрүн Galaxy Note 20 Ultra, жаңы бүктөлмө телефон, планшет, сааттар жана буурчак формасындагы кулакчындарды расмий түрдө көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ага ылайык, "Samsung" компаниясы 5-августта өзүнүн өндүрүшүнүн жаңы үлгүлөрүн көрсөттү. Биринчи кезекте Galaxy Note 20 фаблет (тагыраагы чоң телефон) жана Galaxy Z Fold 2 бүктөлмө телефону көрсөтүлдү. Жаңы чыккан үлгүлөрдүн баары коло түстө. Алардын кээ бирлери 5G кармайт, бирок көпчүлүк өлкөлөрдө 4G сатылат. Себеби 5G бардык өлкөлөргө жеткиликтүү эмес.

Мындан сырткары компания Galaxy Watch 3 акылдуу сааттар, Galaxy Buds Live кулакчын, Galaxy Tab S7 планшетинин үлгүлөрүн көрсөттү.

Бардык үлгүлөр 21-августтан тарта сатыкка чыга баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан