Лола Каримова Лос-Анжелестеги 3 вилласын сатыкка койду

Голливудда үч вилла сатыкка коюлганын, бул объектилер Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова жана анын күйөөсү Тимур Тилляевге таандык экенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ага ылайык, сатыкка коюлган үйлөрдүн жалпы баасы 18 миллион 900 миң долларды түзөт. Бул үйлөр 2007-2014-жылдары NFL’дин мурунку жылдызы, футболчу Рейжи Буш жана ошол кездеги сүйлөшкөн кызы Ким Кардашьянга таандык болгон. Бирок дүйнө жылдыздары бул виллаларда жашабагандыгы, ижарага гана берип жүрүшкөндүгү жазылат маалыматта.

Учурда Лола Каримова жана Тимур Тилляев Беверли-Хиллзтеги жалпы аянты 4 жарым гектарга жакын хансарайда жашашат, аны 2013-жылы 33 миллион долларга сатып алышкан.

Басылманын маалыматы боюнча, бул үй-бүлөнүн Францияда жана Швейцарияда да кыймылсыз мүлктөрү бар. Алардын бири катары Женеванын престиждүү районунда жайгашкан 47 миллион долларлык үйдү айтууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AdylbekB84
2020-08-06 15:40:00
Өзбек элинин пешене тер менен тапкан акчаларына ушулар жыргап жүрүшөт экенда! Биздин Максим, Марат, Берметтерге окшоп!
+5
ZUXRIDDIN20
2020-08-06 16:00:18
Жашоо ушуларга экенда
+3
Kona8631
2020-08-06 19:24:49
Мага 20 мин доллар жетмек 1 кв. Алып алсам..шугур деп калмакмын
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан