Коронавирус илдетин дарылоо клиникалык протокол боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы кеңешчиси-инфекционист Айнура Кутманова билдирди.
"Учурда, биздин өлкөдө протоколдун 4-варианты даярдалып жатат. Бул нормативдик документ эксперттер тарабынан түзүлөт жана Саламаттык сактоо тарабынан бекитилет. Ошондой эле учурда даярдалып жаткан протокол Москва жана Уфадан келген кесиптештерибиз менен да бирге талкууланган. Анын ичине бир дагы эксперименталдык дары-дармек киргизилген жок. Анткени вируска каршы дарылардын эффективдүүлүгү далилдене элек. Негизинен протоколдун 4-вариантында дарылоо бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, кош бойлуу аялдарды дарылоо жана реабилитация бөлүмдөрү жаңыланып жатат", - деди Айнура Кутманова.