Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Нурсултан Назарбаев Караганда фармацевтикалык заводунда чыгарылган Sputnik V вакцинасын алган. Вакцина алгандан кийин ал казакстандыктарга санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоого жана активдүү эмдөөгө чакырык менен кайрылган.
Коңшу Казакстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 3 миллионго жакын адам өттү.