"Коронавирус жөнүндө фейк маалымат". Facebook жана Twitter Трамптын постун өчүрүп салды

Facebook социалдык тармагы АКШ президенти Дональд Трамптын расмий баракчасынын мазмунуна биринчи жолу кийлигишти. Ал эми Twitter социалдык тармагы Трамптын шайлоо штабы коронавирус жөнүндө жалган маалыматтарды таратып жаткандыгын айтып, жаңы билдирүүлөрдү жарыялоо укугунан убактылуу ажыратты.

Социалдык тармак Трамптын баракчасына кийлигишкенинин себеби катары анын коронавирус тууралуу айткан туура эмес маалыматы болгонун айтып, билдирүү таратты.

Маалыматта Трамп жаңы окуу жылын онлайн режиминде эмес, мектептерди ачуу керектигин айтып, “коронавирус жаш балдарга коопту эмес, алар жаш, вирус менен күрөшө алат, балдардын иммунитети күчтүү”, - деп билдирген.

АКШ президенти бул маалыматты айтканын чагылдырган видеону социалдык тармактар өчүрүп салган.

Ал эми Трамптын шайлоо штабы аталган соцтармактардын аракетин демократтарга жан тартып жатат деп айыптап чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан