UFC уюмунун чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов кийинки беттешине коңшу Өзбекстандын герби түшүрүлгөн футболка кийип алып машыгып жаткан сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
"Суроолор ар дайым көп болот. Эң негизгиси жоопту беттешке 80 күн калганда өзүң билесиң", - деп жазган мушкер.
Хабиб Нурмагомедов кийинки беттешин UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону, америкалык мушкер Жастин Гэйтжиге каршы өткөрөт. Эки мушкердин беттеши 24-октябрда өтөрү белгилүү болгон.