Адамзаты дагы кандай апаат менен күрөшөт? Билл Гейтс коронавирустан да кооптуу апаатты айтты

"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү, миллиардер жана филантроп Билл Гейтс атмосферанын булгануусун коронавирус пандемиясындай эле кооптуу экендигин айтты. Бул тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

Билл Гейтс өз билдирүүсүндө климаттык апаат жакынкы он жылдыкта болорун айткан. Айтымында, экологияга байланыштуу глобалдык кризис планета үчүн оор сокку болот. Дүйнө эли өлүмдүн көп катталуусу жана экономикалык оор кризиске туш болот. "Коронавирус пандемиясы канчалык коркунучтуу болбосун, климаттын өзгөрүүсү андан да кооптуу болот", - деген ал.

Экологиялык апааттын кесепетинен өлүмдүн көп катталуусу жана экономикалык оор кризис коронавирус пандемиясынан да узакка созулушу мүмкүн. Анын болжолдуу эсептөөсүнө ылайык, 40 жыл аралыгында абанын температурасынын жогорулашынан каза болгондордун саны коронавирустан каза болгондордун санына барабар болот. Эгерде кылымдын аягына чейин экологиялык абал начарлай берсе, 100 миң кишиге 73 өлүм туура келип калат.

Ал эми 2100-жылы экологиялык апааттан каза болгондордун саны коронавирустан каза богондордон 5 эсе көп болот. Адамзаты учурда жүрүп жаткан пандемиядан сабак алып, келечекте күтүлүп жаткан экологиялык кризиске туруштук берүүгө даяр болуусун эскерткен.

Ошондой эле экологиялык кризистин алдын алуу иштерин инновациялык технологиясы өнүккөн алдыңкы өлкөлөр баштоосу керек. Коронавируска каршы вакцина эмки жылы даяр болсо, климаттын өзгөрүүсүн калыбына келтирүү 2 жылда да чечиле турган маселе эмес экендигин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Paprikafm
2020-08-07 00:46:41
Э кудайым заманыбыз тынч болсунчу
+8
bratanyn
2020-08-07 07:23:13
Алдыда эмне болушун бир Кудай билет.Билл Гейтс көзү ачык болбо!Замандын,абанын,жаратылыштын бузулушу бунун баары өзүбүздөн.Пейилибиз бузулду.Ыйманыбыз суздады.Көралбастык ичи тардык,кошоматчылык көбөйдү.Арак,кумар,зынаа көнүмүш адатка айланды.Бул да болсо Алла Тааланын бизге берген сыноосу.Ыйманыбызды бекемдейли!Шүгүр кылайлы!Садаканы көбөйтөйлү!Жакшылыка чакырып,жамандыктан кайтарайлы достор.
0
Imon7
2020-08-07 09:04:08
bratanyn,Билл Гейтс туура эле айтат, ал илимге таянып айтып атат. Экологиялык катастрофа болору коп жылдан бери эле айтылып келе жатат
+6
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-08-07 08:51:35
Бул каапырлар айта берет.Баары жараткандын колунда.
-2
Alia82
2020-08-07 11:40:42
Кудай дагы сактанганды сактайм дейт, Гейтс туурале айтат, азыртан чара корбосо уже эле учкундары билине баштады го, бир жерде суу ташкын, бир жерде орт
+3
algakaray
2020-08-07 12:52:11
Дуйнону ушуга окшогон миллиардерлер чогулуп алып башкарат экен. Бут балеени да ушулар ойлоп чыгарышат.
-3
Akoga
2020-08-07 13:26:11
Ооба туура айтың.Бүт балеенин баарын ушулар чыгарат, анан өзүнө ылайыктайт,дүйнө пул үчүн.
Microsoft" компаниясын windows.ХР2 програмасы ушунчалык сонун иштеген программа жана бекер
болчу. Ушуну атайын жоготуп Windows 7.8.10 чыгарып ар бир интернет кодонуучунун чөнтөгүн кагып келет.абийирсиз адам экен. Бул программа менен бүт башка программаларды чырмооктой байлап алган. Элге ыңгайлуусу буга бир тыйын экен, чөнтөгүн ойлогон кан соргуч. Бүтүндөй системаны жоготту. Эми ары эмес
0
Shorobashat
2020-08-07 14:10:48
Оозуна кара таш ошонун
-1
Abdu77
2020-08-07 18:17:18
Гейтс Мейтсинер ким болуп калыптыр. Жалгыз АЛЛАХЫМ билет эмне кылышты.АЛЛАХка гана ишенгиле.
0
Mylatka..
2020-08-07 22:20:53
Ушул укмуштуулардыкы оттуго ёлки...)

Адам беш мунот сон эмне болушун билбейт ,а булар канча жылдан кийинки учурду жаздемдебей сайрашат.
Аллахтын айтканы болот!!!!!
0
bekbolotabdirasulov
2020-08-08 07:47:35
Балким, бирок, Жараткандан башка эчким билбейт кеелечекти.Бул гейтс деле өзүнү бизнесин алдына жылдырууга аракет кылвп атат.Корона вирускада Трамп мн Гейстин түздөн түз тиешеси бар деп ойлоймун. Булар ушинтип, жарыя кылып элди алдайт да.
АКШ өтө умный.Кытай,АКш дүйнөнү ушинтип дүрбөлөңгө салып экөөнү бирөөсү басышы керек да.
Булардын баары, вирус экологиялык климаттык абалдар баары саясий оюн.Өтө чоң триллиондого суммалар оборот болуп ататт бул жерде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан