Кытайдын түндүгүндөгү автономиялуу районунда кара тумоодон бир адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлүм Баотоу аймагындагы Дархан-Муминган уездинде катталган. Азыркы учурда каза болгон адам менен байланышта болгон 35 адам обочолонуу режиминде. Район ичинде эпидемиологиялык коркунучтун жогору болгондугунан улам карантин режими жылдын аягына чейин узартылды.
Буга чейин Кытайдын түндүгүндөгү ички Монголия автономиялык районунун Баян Нур округунун бийлиги 5-июлда кара тумоонун белгилери бар бейтаптын жергиликтүү ооруканадан жардам суроосунан кийин эпидемиологиялык коркунучтун күчөгөндүгүн жарыялаган.