Орусиялык алып баруучу, ырчы жана актриса Ольга Бузова "Муз доору" шоу-берүүгө тартылып жатып жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, "Биринчи канал" "Муз доору" долбоорунун жаңы сезонун көрсөтүүгө даярдык көрүп жатат. Ага катышуучулардын аты-жөнү сыр бойдон калууда. Бирок алардын ичинде Ольга Бузова бар экени белгилүү болду. Ал машыгуу учурунда бутунан жаракат алып, медициналык жардамга муктаж болгон. Учурда ал бир канча күн коопсуздукту сактоо үчүн элистикалык бинт колдонуп машыгууну улантмакчы.
Буга чейин ырчы "Дом 2" программасында акыркы жолу конькини 6 жашында тепкенин, эми кайрадан үйрөнүү керек экендигин айткан. Долбоордо анын өнөктөшү муз үстүндө бий боюнча "Сочи 2014" олимпиадасынын чемпиону Дмитрий Соловьев.
"Муз доору" шоусу 2007-жылдан бери "Биринчи каналдан" берилип келет. Анда муз үстүндө жылдыздардан жана профессионал фигуристтерден (коньки тебүүчүлөрдөн) турган жуптар таймашат. Буга чейин аталган долбоорго Чулпан Хаматова, Алена Бабенко, Егор Бероев, Владимир Яглыч, Леонид Закошанский, Вера Брежнева жана башка жылдыздар катышкан.
Долбоордун бет ачары сентябрь айынын башында болору күтүлүүдө. Калыстар тобунун, машыктыруучулардын жана алып баруучулардын аты-жөнү азырынча белгисиз.