Өзбекстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелери коронавирус пандемиясынан улам иштерин токтоткон. Ал эми кечээ, 6-августан баштап иш-чараларды улантуу үчүн өкмөт даярдыктарды көрүп баштады. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
"Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ишин жандандыруу балдарды күндөлүк жашоого кайтарууга, балдар жана кызматкерлер үчүн коопсуз шарттар түзүлгөн шартта ойноп, окууга багытталган." - деп айтылат маалыматта.
Министрликтин маалыматына ылайык, бардык чектөөчү шарттарды эске алуу менен вирустун жугушу жана жайылуу коркунучун азайтуу боюнча кошумча чаралар киргизилет.
Ушул жылдын март айында Өзбекстандын бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында карантин киргизилген.