Белгилүү эксперт Трамптан кийин Байдендин президент болорун айтты

Тарыхчы 1984-жылдан бери президенттик шайлоонун жыйынтыгын так айтып келет. Ал 2016-жылы Дональд Трамптын жеңишин, ошондой эле анын импичмент боюнча сот процесстеринен өтөрүн болжолдогон адамдардын бири болгон.

Лихтман алдын ала божомол жасоого мүмкүндүк берген өзүнүн 13 негизги факторунун тутумун иштеп чыккан. Алардын катарында ээлеген кызматынын артыкчылыгы, жарышка көз карандысыз талапкердин катышуусу, узак жана кыска мөөнөттүү экономикалык көрсөткүчтөр, элдик толкундоолор, чуулгандуу окуялар жана башка ушул өңдүү түшүнүктөрдү киргизген.

Эксперт билдиргендей, Байден тарапта Трампка каршы жети фактор бар. Тактап айтканда, импичмент жаңжалы, Конгресстин өкүлдөр палатасында республикалык көпчүлүктүн жоголушу, коронавирус пандемиясынан улам жаралган экономикалык кризис, ошондой эле өлкөдөгү көптөгөн нааразычылык акциялары учурдагы лидерге каршы чыгышы мүмкүн.

Май айында Стони Брук университетинин саясий илимдеринин профессору Хелмут Норпот ноябрдагы шайлоодо Дональд Трамптын жеңишинин 91 пайыз ыктымалы бар деп божомолдогон. Ошол эле учурда, июлда жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы Байден учурдагы мамлекет башчысынан орто эсеп менен 8,6 пайыз шайлоочулар арасында популярдуулукка ээ экенин көрсөтүп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан