Бүгүн, 9-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 19 миллион 511 миң 596 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 11 миллион 883 миң 367 бейтап айыгып чыкса, 725 миң 1 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 997 миң 751 адамдан коронавирус аныкталды.162 миң 421 адам каза болсо, 1 миллион 643 миң 118 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 962 миң 442 адамдан аныкталды. 99 миң 572 адам каза болсо, 2 миллион 321 миң 537 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 2 миллион 88 миң 611 адам вируска кабылган. 42 миң 518 бейтап көз жумса, 1 миллион 427 миң 5 бейтап оорудан сакайган.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.