Коңшу Өзбекстанда ушул жылдын сентябрь айынан 2-3-4-курстун студенттери онлайн режиминде окуп башташат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн Жогорку билим берүү боюнча республикалык кеңешинин төрагасы Уктам Умурзаков жаңы окуу жылына даярдык көрүү маселеси өтө оор экендигин мойнуна алган. "Март айынан бери онлайн режиминде сабактарды өткөрүп келе жатабыз, бирок бул форматты каалайбызбы же жокпу, кадимки сабак системин алмаштыра албайбыз. Сентябрь айынан баштап 2-3-4-курстун студенттери үчүн онлайн режиминдеги окууну баштайбыз. Эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин билим берүүнүн салттуу түрүн кайтарып бере алабыз ", - деп билдирди Умурзаков.
Өзбекстандын ЖОЖдоруна кабыл алуу сынактарынын датасы азырынча белгисиз. 6-августта өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында өткөн жыйында сынактар Ташкент, Нукус жана облустук борборлордун стадиондорунда өтөрү маалымдалган.