Куюп койгондой окшош. Александр Лукашенко Даниил Урицкий "кебетеси мурдагы экс-премьер-министр Данияр Үсөновго окшош" киши менен жолукту

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко бүгүн, 10-августта Минск облусундагы Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорациясына барды. Ал жактан ишкер Даниил Урицкий (кебетеси мурдагы экс-премьер-министр Данияр Үсөновго окшогон) киши менен жолугушканы интернетке тарады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анда Урицкий аттуу ишкер Лукашенкого таякча менен бир макетти көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.

Маалыматта Лукашенко Минск облусуна иш сапары менен барып, Пухович районундагы жогорку технологиялуу агроөнөржай өндүрүшүн толук циклде уюштуруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышкан. Долбоорду "Беларустун улуттук биотехнологиялык корпорациясы" ишке ашырууда.

Данияр Үсөнов 2009-жылдын 21-декабрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин Кыргыз мамлекетинин премьер-министри болуп турган. Апрель окуясынан кийин чет жакка чыгып кеткен. 2014-жылы Апрель окуясы боюнча "Ала-Тоо" аянтындагы элди атууга катыштыгы бар деп "Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылсын" деген өкүм сот тарабынан чыккан.

2018-жылдын 27-июль күнү Беларустун жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов тууралуу маалымат жана анын сүрөтүн жарыялаган. Анын "Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы" ЖАКсын жетектей тургандыгы, Данияр Үсөнов өзүн Даниил Урицкий деп тааныштыргандыгы интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууланган. Өлкөнүн Мамлекеттик каттоо кызматына мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов Кыргыз жарандыгынан чыгуу боюнча арыз менен кайрылган эместигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
katerina.li
2020-08-10 22:46:46
Батька га Кошомат кылып аткандай болуп кулуп ататко ыкшыйып.
+6
Agayu
2020-08-10 23:07:19
Вор болгон Азиз Батукаевди да килем жайып , эртен олот деп узаттынарго . Жашоодо тан калыштуу коп , бирок тан калыштын кереги деле жок
+2
Asman779
2020-08-11 00:37:30
Лукашенконун тактан орду тайса Белорусияга батырбайт го силерди.
+4
Jeltelmen.99
2020-08-11 01:12:59
Чыккынчылар
+4
al-abu-kinesz
2020-08-11 01:15:59
Ээ мындай подхалимдер акча учун атын эле эмес к...н да сата берет.
+6
Mavlyuda
2020-08-11 08:23:16
Жараткан алдында бардык чыккынчылар жооп берер күн бар. Карапайым элдин каргышы дагы оңдурбай койбойт
+3
algakaray
2020-08-11 08:43:39
Окшош эмей эле Данияр Усеновдун озу экен. Бунун тируулой эле олуптур да атын озгортуп алса. Ушинтсе эле билинбей калам десе тиги дуйнодон кимди алдайт.
+4
Tyty1990
2020-08-11 09:23:47
Данияр өзү эле болуп турат го. Кантип тааныбайсынар
+3
milan-707
2020-08-11 10:24:34
100% Дончик бул
+3
elmira.
2020-08-11 12:05:09
Даниил Урицкий & Данияр Усонов ))) тапкан атын кара
+2
O.dembele
2020-08-11 15:28:07
Жакында Озизжон Оскоров деген ат чыкпаса
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан