Ливан өкмөтүнүн курамы толук отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай билдирүүнү саламаттыкты сактоо министри өкмөттүн жыйынынан кийин жар салган. Айрым министрлер кызматын тапшыра баштаган.
Буга чейин Ливан парламентинин төрагасы Набих Берри 13-августта чукул жыйын өткөрөрүн, анда өкмөт өлкөнүн борборунда орун алган жарылуу жөнүндө отчёт бере турганын билдирген.
Белгилей кетсек, Бейрутта 8-августта болгон нааразычылык акциясында демонстранттар полиция кызматкерлери менен кагылышкан. Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, полиция менен кагылышуудан 238 адам жаракат алып, алардын 63ү ооруканага жаткырылган.
Ливандагы көпчүлүк жарандар 4-августта 150дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Бейрут шаарындагы жарылууга өкмөттү күнөөлөп келет.