АКШ сенатынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Жим Риш Беларустун президенти Александр Лукашенконун кызматтан кетүүсүн туура деп эсептейт.
Анын айтымында, Лукашенко болуп өткөн шайлоонун чыныгы жыйынтыгын аныктап, эгерде добушту кайра саноо анын демократиялык жол менен шайланбагандыгын көрсөтсө, кызматты тапшырышы керек.
Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Жим Риш өлкө башчысы Лукашенкого массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектегенди, интернетти өчүрүүнү, бейкүнөө адамдарды камакка алууну жана зомбулукту тез арада токтотуусу керек экенин айткан.
"Эгер бул нерселердин баары калыпка салынбаса, кырдаал азыркыдан дагы курч мүнөзгө өтөт. Бийликтин тынч жол менен өткөрүп берилиши Беларус өлкөсүнүн жана анын эгемендигинин келечеги үчүн маанилүү", - деп жазган Риш.
Белгилей кетсек 9-августта өткөн шайлоодо Беларусь өлкөсүнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоонун жыйынтыгы боюнча 80,23 пайыз добушка ээ болуп, алдыга озуп чыккан.
Азыркы тапта аталган өлкөдө абал тынч эмес, эки күндөн бери толкундоолор токтой элек. Милиция нааразы болгондорду таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ менен кулак тундуруучу гранаталарды колдонууда.