Индиянын Уттар Прадеш штатында Канпур шаарында Ахмад Хассан аттуу жаран өзүнүн сөөгү жерге берилгенден 2 күн өткөндөн кийин үйүнө кайтып келген. Бул кызыктуу окуя тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Анда жазылган маалыматка ылайык, 2-августта Ахмад Хассан жубайы менен болгон талаш-тартышуудан кийин үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан. Үй-бүлөсү андан кабатырланып, полиция кызматына кайрылышкан.
Укук коргоочулар Хассанга окшогон эркек кишинин жансыз денесин табышып, 5-августта үй-бүлө мүчөлөрүн чакырып, аны көрсөтүшкөн. Хассандын агасы чындыгында ал иниси экендигин тастыктаган, ошол эле учурда жубайы андан күмөн санаганын айткан. Алар сөөктү алып, жерге беришкен.
Бирок 7-августта Хассан үйүнө кайтып келип, үйү жабык турганын көрөт. Коңшулары аны таанып, дароо полиция кызматкерлерин чакырышкан. Ахмад Хассан жубайы менен болгон талаш-тартышуудан кийин заводго иштегени кетип калганын айтат. Андан соң ал иштеген күндөрүнүн эмгек акысын алып, үйүнө кайтып келгенин билдирген.
Жубайы Нагма жолдошун тирүү көргөнүнө абдан бактылуу экендигин айткан. Ошондой эле полиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлүп көмүлгөн адам жолдошуна аябай окшош экендигин кошумчалаган.
"Учурда полиция кызматкерлери аты-жөнү такталбай, көмүлүп калган маркумдун жеке маалыматтарын тактоо иштери менен алек болууда" деп жазылат маалыматта.