Президенттик шайлоода Александр Лукашенкого башкы атаандаш болгон Светлана Тихановская Беларусь өлкөсүнүн аймагынан чыгып кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Тихановская учурда Литвада экендиги айтылууда. Оппозиционердин мамлекеттик чек араны кандай шартта кесип өткөнү тууралуу азырынча маалымат жок.
Белгилей кетсек 9-августта өткөн шайлоодо Беларусь өлкөсүнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоонун жыйынтыгы боюнча 80,23 пайыз добушка ээ болуп, алдыга озуп чыккан.
Азыркы тапта аталган өлкөдө абал тынч эмес, эки күндөн бери толкундоолор токтой элек. Полиция кызматы нааразы болгондорду таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ менен кулак тундуруучу гранаталарды колдонууда. Акыркы маалыматтар боюнча кагылышуудан 2 адам каза болду.