Дональд Трамп "Чоң жетиликтин" чогулушуна Путинди чакырат

АКШ президенти Дональд Трамп орусиялык кесиптеши Владимир Путинди "Чоң жетиликтин" жыйынына чакырарын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биз бир катар өлкө лидерлерин чакырдык. Мен албетте, Путинди чакырмакмын. Анын катышуусу маанилүү фактор болот деп ойлойм. Биз G7 уюумуна кирбеген мамлекеттердин лидерлерине айттык, айрымдары чакырууну кабыл алышты. Бирок мен жыйынды шайлоодон кийин өткөрсөк деп ойлойм. Анткени маанай жакшы болот", - деп билдирди Дональд Трамп.

Буга чейин ал "Чоң жетиликтин" жыйынын сентябрь айына жылдырарын, ага Орусия, Индия, Австралия жана Түштүк Кореянын жетекчилерин чакырууну каалаганын билдирген.

Эскерте кетсек, "Чоң жетилик" эң өнүккөн мамлекеттерди камтыйт, ага АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия, Франция, Япония жана Италия кирет.

Ал эми Орусия эл аралык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жана Украинага каршы аскердик агрессияны, тагыраагы 2014-жылы Крымды басып алышынын кесепетинен G7 тобунан чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан