Минск шаарында полиция нааразычылык акциясына чыккандарды күч менен таратты

Беларустун ички аскерлери жүздөгөн митингчилерди "Пушкин" метросунан Минск шаарынын түндүк-батыш тарабына сүрүп чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Оппозициячыл тарап каршылыктарга карабай, кагылышуу болгон жерге кайра чогулган. Полиция аларды шаар четине күч менен сүрүп чыгарган. Каршылык көрсөткөн жана баш ийбегендер кармалган.

Ал эми метро жана ага жакын жердеги дүкөндөр жабылган. Минск шаарынын борбордук бөлүгүнө атайын даярдыктагы аскерлер жайгаштырылып, абалга көзөмөл жүрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Беларустагы өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланган. Анда учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко жеңип чыгып, анын атаандашы Светлана Тихановская экинчи сапка чыккан.

Шайлоонун жыйынтыгына макул эмес тарап нааразычылык акциясын уюштуруп, эл менен полициянын ортосунда кагылышуу орун алган. Акция учурунда адам өмүрү кыйылып, үч миңдей адам кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан