Орусиялык актёр Михаил Ефремов инсультка кабылды

Москвадагы Боткин ооруканасынын кызматкерлери Орусия Федерациясынын Эмгек сиңирген артисти Михаил Ефремовдун инсульт болгонун тастыкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Актёрдун жактоочусу Элман Пашаев анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экенин айтты. "Дарыгерлер Ефремовдун инсульт болгонун тастыкташты. Анын абалы орточо деп бааланат жана өмүрүнө эч кандай коркунуч жок", - деди жактоочусу.

Пашаев оорукананын учурдагы чектөөлөрүнө байланыштуу Ефремовго кире албай калгандыгын айтты.

8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Анын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан