Коопсуздук күчтөрү Бейрут шаарындагы жарылууну эки жума мурун өлкө бийлигине эскерткен

Ливандын борбору Бейрут шаарындагы жарылуудан эки жума мурун коопсуздук күчтөрү президентке жана премьер-министрге порттогу аммиак селитрасы өтө коркунучтуу экендигин кат түрүндө эскертишкен. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Мен аларга порттогу бул зат Бейрут шаарына катастрофа алып келиши мүмкүн экендигин эскерткем", - деген катты жазууга катышкан атын атабаган чиновник.

Жарылуу өлкө бийлиги бул кооптуу экенин билип, буга чара көрө баштаганда орун алган. Ошол эле учурда, коопсуздук күчтөрү порттогу аммиак селитрасы кооптуу экени ачыкка чыкса, террористтер колдонуп кетиши мүмкүн деп чочулашкан.

Аммиак селитрасынын кампасы 4-августта Бейрут шаарындагы портто жарылган. Жарылуудан кеминде 163 адам каза болуп, 6 миңден ашык адам жаракат алып, 300 миңден ашыгы үй-жайсыз калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан