Ирландиянын Лондондерри шаарындагы дарыядан мындан 29 жыл мурун жоголгон Жеймс Паттерсондун сөөгү табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Жеймс Паттерсонду жакындары акыркы жолу 1991-жылы 6-октябрда көрүшкөн. Ал ооруканадагы досуна баруу үчүн Махерафелт шаарына кетип, дайынсыз болгон. Көптөгөн издөөлөргө карабастан ал табылган эмес.
Ушул жылдын июль айында Банн дарыясынын түбүнөн кара түстөгү Ford Orion унаасы калкып чыгып калган. Унааны текшерүү учурунда ичинен адамдын калдыктары табылган. Дарыя Махерафелт шаарына бара жаткан жолдо эле. Полиция кызматкерлери адамдын калдыгына ДНК анализин жүргүзүп, калдыктар 29 жыл мурун жоголгон Паттерсонго таандык экендигин аныктаган.
Соттук-медициналык экспертиза аяктагандан кийин, калдыктар анын үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилген. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10-август дүйшөмбү күнү болуп өттү.