"Акцияга чыккандардын көпчүлүгү - жумушсуздар". Александр Лукашенко чукул арада элге кайрылуу жасамакчы

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко чукул арада элге кайрылуу жасамакчы. Бул жөнүндө президенттин маалымат катчысы Наталью Эйсмонт Твиттер баракчасында жазып чыкканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, Беларусь өлкөсүнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоонун жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын 80,23 пайыздык добушка ээ болгон.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, мындан ал массалык акцияга айланып кеткен.

Акыркы маалыматтарга ылайык, нааразычылык митингинен 6 миң 700 адам кармалып, алардын арасынан 250дөн ашыгы ооруканаларга жеткирилген.

Өлкө башчынын айтымында, митингге чыккандардын көпчүлүгү - жумушсуздар. Аларга жумуш табууну сунуштап, тиешелүү бөлүмдөргө жумушсуздардын жасалма эмгек сертификаттарын сатып албагандыгын көзөмөлдөөнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
i1urp
2020-08-14 12:09:35
Фальсификация
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан