Дээрлик беш айлык эс алуудан кийин, эки миллионго жакын окуучу Германиянын эң чоң федералдык штаты Түндүк Рейн-Вестфалиядагы мектептерге барышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Коронавирустук пандемиядан улам алар март айынан баштап үйдөн окушуп, андан кийин жумасына бир-эки күн чакан топтордо сабак өтүшкөн. Азыр окуучулар жайкы эс алуудан кийин окуусун мектептерде улантууда. Кадимки окуу жылы башталды деп айтууга да кыйын. Себеби Германияда билим берүү федералдык штаттардын компетенциясына киргендиктен, өлкөнүн ар кайсы аймактарында мектепке баруунун жаңы эрежелери ар башка. Түндүк Рейн-Вестфалияда башка аймактарга караганда, COVID-19 учурлары көп кездешип, эрежелер салыштырмалуу катаал. Сабакта жана танапис учурунда бешинчи класстан баштап бет кап кийүү милдеттүү.
Ал эми мектепте баары аралыкты сактап, колун дезинфекциялап турушат. Коридордогу кыймыл бир тараптуу болуш үчүн полдордо багыт берүүчү жебелер коюлган. Дене тарбия сабагы сыртта гана өтөт. Жетекчилер эрежелерди бузгандарды, бет кап тагынбагандарды мектептен чыгарууга чейин барат.
Белгилей кетсек мугалимдер жана окуучулар эки апта сайын коронавируска каршы тесттен акысыз өтүшөт. Бул алардын арасында вирустун тез таркашын жана алдын алуу иш-аракеттерди көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.