"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Ничке-Сай айылы тууралуу баян кылабыз.
Ничке-Сай айылы Токтогул районунан 73 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жалпы аянты 51 миң 278 гектар.
Калкынын саны 4 миң 61.
Деңиз деңгээлинен 1 миң 464 метр бийиктикте орун алган.
Эл ичинде айылдын дагы бир (расмий эмес) Тельман деген аталышы бар. Жергиликтүү тургундардын айтымында, айыл Советтер Союзу учурунда Эрнест Тельман аттуу немис революционеринин атынан аталып жүргөн. Бирок расмий түрдө мындай аталыш айылга берилген эмес.
Айылдын Ничке-Сай аталып калганынын себеби...
Тоо башынан Тогуз булактан башталган Камбар-Ата, Нарын дарыясына куйган чакан сай аркылуу аккан суу бар. Сай ничке (куш) болгондуктан улам айыл Ничке-Сай аталып калган.
Ничке-Сай өзүнчө айыл болуп 1991-жылы Өзгөрүш айылынан бөлүнүп, биринчи жолу Тажы Какеев айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланган. Бир канча жылдан кийин, тагыраагы, 2001-жылдын май айында Ничке-Сай айыл өкмөтү түзүлгөн.
Айылда 2 мектеп, бала бакча, 2 фельдшердик-акушердик пункт, китепкана, контора жана чакан спорт зал бар. Учурда футбол аянтчасынын курулуш иштери журүп жатат. Айылдын жаштары бош убактыларында спорт менен машыгып турушат. Райондук, облустук, республикалык сынактарга катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп жүрүшөт. Бул сөзүбүз куру болбошу үчүн айта кетсек, спорттун эрежесиз эр уруш түрү боюнча бир канча сынактардын чемпиону Ариет Бекишов дал ушул айылдын кулуну.
Айыл эли мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишет. Жазында буудай, картошка, жүгөрү, күн карама айдашат. Жашылча-жемиштерден помидор, сабиз, капуста, бадыраң (ар ким каалоосуна жараша) өстүрүшөт. Өзгөчө айылда жаңгак, алма көп. Бул эки жемишти ар бир экинчи үйдө көрүүгө болот. Мындан сырткары өрүк, кара өрүк, алмурут, карагат, алча жана башка жемиштер өстүрүлөт.
Ничке-Сай айылында кыш мезгили суук келип, узакка созулат. Ал эми жай мезгили ысык келет.
Залкар талант, Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиев, "кыл кыякты адамдай сүйлөтүп тарткан" кыякчы Жолой Боогачы уулу, коомдук ишмер Малабай Жунусалиев дал ушул Ничке-Сай айылынан чыккан.
Айыл эли ынтымактуу, эмгекчил келип, таланттарга бай. Эл ичи өнөр кенчи дегендей, калк арасында катылган таланттар көп. Айыл ичинде түрдүү кароо-сынактар байма-бай өткөрүлөт. Сармерден, ыр кеселерге активдүү катышып турушат. Атайын таланттуу апалардын курамынан түзүлгөн "Тууганбай ата кыздары" чыгармачыл тобу бар. Топ 2019-жылы февраль айында түзүлгөн, 13 мүчөсү бар. Топтун жетекчиси Бусайра Уезбаева.
Айылдын атактуу жайлоолору...
Айылдын карамагына тиешелүү көргөн адамдын көзүн кубантып, көңүл борборунан орун алган жайлоолор көп. Аларды санап өтсөк, Кашка-Суу, Бел-Башат, Саң, Чатыр-Таш, Жердик, Кожо-Саң, Эрназар, Капка-Жар (бул жайлоонун жергиликтүү калк Кремль деп атап коюшат. Анда кызыл таштар бар болгондуктан, мындай аталышты алып калган).
SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.
Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!