
"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Толук айылы тууралуу сөз болот. Айылдын өзгөчөлүктөрү, меймандос калкы, элдин чарбачылыгы жөнүндө
SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун
Тилек Зарлык уулу баяндап берди.
Толук айылы деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашып, райондун борбору Токтогул шаарчасынан 110 чакырым, Бишкек шаарынан 410 чакырым алыстыктан орун алган. Айылда 809 кожолук бар. Калкынын саны 4000ге жакын.
"Ар бирибиз өз жерибиздин чырпыгын ат кылып минип, түркүн гүлдөрүн терип, көпөлөгүн кууп, көйкөлгөн көк шиберине оонап, түркүн куштарынын кубулжута сайраганына кулак төшөп чоңойгонубуз талашсыз. Мына ошол көзгө сүйкүм, жүрөккө кымбат болуп туюлган менин кичи мекеним - Токтогул районуна караштуу Толук айылы.
Айыл аксакалдарынын айтымы боюнча айылыбыздын Толук деп аталып калышынын себеби дайыма жерди казып кайра казылган топуракты ордуна салганда бир топ топурак ашып калчу экен. Мына ошондуктан Толук деп аталып калган дешет. Дагы бир маалыматтарда айылды төрт тарабынан бийик тоолор курчап тургандыктан ушундай аталып калгандыгы айтылат", - деди Тилек Зарлык уулу.
Айылда эки мектеп, оорукана, дарыкана, клуб, тегирмен, эки мечит жана кичи футбол аянтча орун алган. Бир мектеби жаңы салынып, анын ичи окуучулардын билим алуусуна өзгөчө шарттар түзүлүп заманбап техникалар менен жабдылган. Мисалы, ар бир класска камера, сыналгы коюлуп, мектепке кирерде сыртта кийип келген бут кийимди жеңил бут кийимге алмаштырып кийип кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн Тилек мырза айтып өттү.


"Айылда көбүнчө мал чарбачылык, дыйканчылык, ошондой эле балчылык менен оокат кылышат. Айылда кыш оор болот. Балким, ошондон улам Советтер Союзу убагында биздин айылдын жайлоолорунан чөп жыйнап кетишчү окшойт. Анткени кайсы жакка барбайын улуу муундагы адамдарга Токтогулдун Толук деген айылынан болом десем эле "Оо, Толуктан болосуңбу? Биз илгери ал жака чөп чапканга барчубуз" деп калышат. Чындыгында эле бизде кышкыга малга тоют камдоо үчүн атайын арпа, беде айдоо деген жокко эсе. Мал жанды кыштан алып чыкканга талаа чөбү кенен жетет. Ошону менен бирге айта кетүүчү нерсе бизде дары чөптөрдүн да түрү көп. Жалпысынан 118 дары чөптүн түрү өсөт.
"Жайлоомдун аты Тержайлак,
Жайылат кою жер жайнап.
Кабарын окуп гезиттен,
Кубанып жүрөм бел байлап", - деп бир акыныбыз айткандай, айтылуу Тержайлак жайлоосу да айылыбыздын көркүнө көрк, демине дем кошуп турса, айылыбызды тең экиге бөлүп шаркырап аккан суусу көз жоосун алып турат.
Толук айылы да таланттарга бай айылдардын катарын толуктайт. Айта турган болсок, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал куудул агабыз Абдылда Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Майрамбек Осмонов жана ошондой эле "Беш тапан" куудулдар тобундагы Союзбек, Болсунбек деген агаларыбыз да ушул Толук айылында өсүп-чоңойгон. Бул агаларыбыздын артынан дагы көптөгөн таланттуу жаштар өсүп келе жатышат, буюрса алар дагы келечекте кыргыз маданиятына чоң салымынын кошкон инсандар болот деген ишеничтемин.
Мына ушундай шаркырап аккан көк кашка сууларга, гүлгө оронгон, жайлоолору сансыз малга толуп, жашыл өрөөндөргө бай жерде сыйчыл, токтоо жана эмгекти сүйгөн, меймандос, конок пейил карапайым адамдар жашашат.