Чет өлкөлүк жаран өзү электрондук комуз жасап, аны менен Кыргыз күүсүн черткен. Видео "Peace Corp" (Тынчтык Корпусу) баракчасына жарыяланды.
Комузда кол ойнотуп жаткан Но Бретчер гитарада ойнойт жана комузга аябай кызыгат.
"Мен гитарада ойногонду жакшы көрөм. Мындан улам электрондук комузда дагы ойноп көрүүгө кызыгуум күчөп, анда кол ойнотууга аракет кылгым келди. Музыкалык аспапты жасоодо Түндүк Калифорнияда өскөн даракты пайдаландым. Бул комузда черте алганым Кыргыз өлкөсү менен байланышты чыңдоого мүмкүндүк берет", - деген чет элдик жаран.