Казакстанда автобустарды чыгара турган завод ачылары айтылууда

Казакстанда ушул жылдын декабрь айында Караганды облусунда автобустарды чыгаруучу завод ачылат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, автобустарды чыгаруу долбоорунун наркы 37 миллион 700 миң долларды түзөт. Ишкана жылына 1 миң 200 автобус жана 400 атайын техника чыгарары айтылууда.

"Транспортторду чыгаруу иши жолго коюлса, аны Орусияга, Иранга, Пакистанга, Кыргыз өлкөсүнө жана башка өлкөлөргө экспорттолот. Долбоорду ишке киргизген соң 600 жаңы жумуш орун түзүлөт", - деп жазылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
toktor89
2020-08-18 11:12:24
Молодцы!
Бизде качан?
+1
algakaray
2020-08-18 16:29:53
Заводдун наркы отуз жети миллион доллардан ашыгыраак экен. А биз пандемия башталгандан бери алты жуз миллиондой доллар алдык го жардам деп. Биз деле туура пайдалансак куруп, экспортко чыгармак экенбиз да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан