Япониянын Токио шаарында август ичинде аптаптуу күндүн ысыгынан 79 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Жазылган маалыматка ылайык, аптаптуу ысыктын кесепетинен 18-августка чейин 79 адам каза болсо, алардын ичинен 26сы акыркы он күндө кайтыш болгон. Каза болгондордун көпчүлүгү 70 жаштан жогорку жарандар.
Калаада абанын температурасы +37 градуска чейин жогорулап жатат.
Буга чейин Японияда абанын температурасынын рекорддук көрсөткүчү катталганын кабарлаганбыз.