АКШда адамзат тарыхындагы күндүн эң ысык температурасы катталды

АКШнын Калифорния штатындагы "Өлүм өрөөнү" деп айтылган жерде адамзат тарыхындагы эң ысык температура катталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын улуттук аба ырайы кызматынын билдиришинче "Өлүм өрөөнүндө" жекшемби күнү, тагыраагы 16-августта абанын температурасы +54,4 градуска жеткен. Ысыктан электр станциясында авария болуп, жарык өчүрүлгөн.

Буга чейинки рекорд ушул эле аймакта 2013-жылы катталган. Анда абанын температурасы +54 градуска чейин көтөрүлгөн.

Айрым булактар 1913-жылы ушул эле аймакта абанын температурас +56,6 градуска чейин көтөрүлгөндүгүн жазышкан. Бирок, бул азыркы убакытка чейин талаш болуп келет. Окмуштуулар анда абанын температурасын өлчөөдө ката кеткендигин билдиришкен. Тактап айтканда, тарыхчы Кристофер Берт 2016-жылы Калифорниядагы 1913-жылдагы абанын температурасы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелбей тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан