"Боёнгон эркек деп жактырышчу эмес". Sen Trope, Mrazish ырлары менен белгилүү ырчы Азис образын түп тамырынан өзгөрттү

Болгариялык ырчы Васил Троянов - Азис деген каймана ат менен белгилүү. Ал өзүнүн образын чымыр денелүү, сүрдүү эркек катары түп тамырынан өзгөрттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, ырчыга атактуулук 2011-жылы Mrazish аттуу чыгармасынын клибинен улам келген. Ал аталган клипте блондин түстөгү образын чагылдырган, анда ал ачык боёнуп, ак саргылт түстөгү сакалы менен тартылган. Кийинки клиптеринде да боёнуп, такалуу бут кийимдер менен тартылган. Ырын көпчүлүк сүйүп укканы менен образы жат көрүнгөндөр жактырышчу эмес.

Ал эми буга чейин ырчы калың сакал өстүрүп, ошону менен катар салмак да кошкон. Ошол эле учурда ал булчуңдарын спортзалдан эмес, атайын каражаттарды колдонгонун билдирген. Ырчынын жеке жашоосу жөнүндө аз гана маалымат бар.

2007-жылы ырчынын Рая атту кызы жарык дүйнөгө келген, анын апасы да ырчы Гала. Учурда Азис бойдок.

Аzis - sen trope
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан