Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын 88 пайызы айыгып чыкты

Коңшу Өзбекстанда акыркы суткада 252 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Ал эми бейтаптардын жалпы саны 36 миң 352 болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Расмий маалыматтар боюнча, бир күндө коронавирустун кесепетинен 2 бейтап көз жумган. Ошондой эле оору жуктургандардын арасынан 32 миң 62 адам айыккан. Бул көрсөткүч 88 пайызды түзөт.

Ал эми 19-августка карата дүйнө боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 22 миллиондон ашты. Оорудан 778 миң 557 адам көз жумду. 14 миллиондон ашуун адам илдеттен сакайды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан