Коронавирус аныкталган жарандардын ичинде айдоочу дагы бар. Ал Өзгөндөн келген дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Айтымында, сутка ичинде вирус жуктуруп алганы тастыкталган жарандар оорулуулар менен байланышта болгондор. "Биз байланышта болгондорду аныктап, аларды табуунун үстүндө иштеп жатабыз. Бүгүнкү күнгө карата ооруну жуктуруп алган бейтаптардын арасында айдоочу да бар. Ал дагы бир киши менен Өзгөндөн келген.
Ал эми 3 жаран бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү, алардын илдетти кайдан жуктуруп алганы аныкталды", - дейт министрдин орун басары.