Индонезиянын Сидоаржо өрөөнүнүн тургундары коронавирустан каза болгон адамды жуунткан соң баары ооруп калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Коронавирус менен ооруган жергиликтүү тургун май айынын башында ооруканада каза болгон. Туугандарынын суранычы менен сөөк пластик баштык менен оролуп, жыгач табытка салынып, үйүнө жөнөтүлгөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги берген кеңештерди кабыл албай, коопсуздук талаптарын аткарбастан туугандары жана кошуналары салт менен маркумду табыттан чыгарып, жуунтушкан. Жыйынтыгында кеминде 15 адам коронавирус жуктурганы маалым болгон.