Японияда мышыктардын аралы бар. 19-кылымдын башында арал балык уулаган адамдардын арасында популярдуулукка ээ болгон. Бирок убакыт өтүп аралда жашаган адамдардын саны азайган. Ошол эле убакта аралда мышыктар өтө көбөйүп кеткен.
Кызыгы аралдын тургундары жаныбарларды балык менен азыктандырышып, аларга боорукерлик менен мамиле кылышат. Бирок жашоочулар мышыктарды үйгө багышпайт. Мындан улам дээрлик бардык мышыктар жапайы.