Швейцарияда "шоколад жамгыры" жаады

Швейцариянын Ольтен шаарында "шоколад жамгыры" жаады. Бардык үйлөр жана унаалар жыпар жытуу күрөң какао-порошок менен капталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, шаар тургундары мындай жагдайга таң калышып, интернет баракчаларында бул тууралуу жазып, сүрөттөрдү жүктөшкөн. Бир канча убакыттан соң бул жагдайдын себептери такталган. Анда мындай таттуу "шоколад жамгыр" жааганы кокустан болгон, тагыраагы, кондитердик фабриканын техникалык кемчиликтеринен улам мындай жагдайга туш болушкан. Анда "Lindt & Sprüngli" кондитердик компаниясынын фабрикасында вентиляция системи иштебей калгандыктан, катуу шамал какао-порошогун шаардын бардык тарабына жайган.

Фабрикадан порошоктордун эч кандай терс таасири жок экендигин, ошону менен компания унааларды жууп берүүнү убадалаган.

"Экинчи жолу мындай окуяга жол берилбейт. Анткени компания фабриканын вентиляциясын калыбына келтирди. Бирок мындай "таттуу окуя" өмүр бою жакшы эскермелерди калтырат", - дешкен компаниядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан