Улуу Британиянын окумуштуулары Атлантика океанынын үстүңкү катмарында 12 миллиондон 21 миллион тоннага чейин таштанды сүзүп жүргөнүн эсептешкен. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты .
Адистердин айтымында, бул өткөн жылга салыштырмалуу он эсеге көп. Изилдөө үчүн Атлантика океандын ар кайсы аймагынан 200 метрге чейинки тереңдиктен суу алынган. Экспертиза көрсөткөндөй, океандан желимдин үч түрдөгү үлгүсү - полиэтилен, полипропилен жана полистирол табылган.
Белгилей кетсек буга чейин адистер 1950-жылдан 2015-жылга чейин Атлантикадагы желим таштандынын өлчөмү 17 миллион тоннага жетет деп болжолдошкон. Бирок жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн желимдин үч түрүнөн эле 21 миллион тонна чогулганы белгилүү болду.
Мындан тышкары окумуштуулар жер жүзүндөгү жалпы океандарда чогулган желим таштандынын өлчөмү 200 миллион тоннага жеткендигин болжолдошууда.
Маалыматка караганда, океандагы таштандылар бир гана желимдин эсебинен эле эмес, синтетикалык кийимдерди жуугандан да чогулган. Анткени океандын кирдешинин дагы бир себеби боёк болгон.