Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный ууланып, жандандыруу бөлүмүнө түштү

Алексей Навальный өзүн жаман сезгенине байланыштуу Томск шаарынан Москвага кайтып келе жаткан учак чукул Омск шаарына конду. Бул тууралуу анын басма сөз кызматчысы Кира Ярмыш өзүнүн интернеттеги баракчасына жазып чыкты.

"Бүгүн эртең менен Навальный Томск шаарынан Москвага кайтып келе жаткан. Учакта ал өзүн жаман сезип баштаганда, учак тез арада Омск шаарына конду. Азыр биз "Тез жардам" менен ооруканага бара жатабыз, дарыгерлердин айтымында Алексей ууланды", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Кира Ярмыштын айтымында, бир жыл мурун дагы Навальный атайын тергөө абагында ууланган.

"Алексейди чайга аралаштырган нерсе менен ууландырды деп ойлойбуз. Таңдан бери ал чай эле ичкен. Дарыгерлер токсин ысык суюктукта бат таасир этерин айтышты", - деп билдирди Алексейдин басма сөз кызматчысы.

Белгилей кетсек Навальный эсин жоготуп, учурда өзүнө келе элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arstan18.18
2020-08-21 02:29:44
Атайын кылынган! Козун тазалаш!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан