Бүгүн, 20-августтан баштап экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн, Бишкек шаарындагы айрым чарбалык субъектилердин иши узартылып, коомдук транспорттун иштөө режими өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардагы коомдук транспорттор (автобус, троллейбус, маршруттук таксилер) дем алыш жана майрам күндөрү дагы иштейт. Коомдук транспорттор мурдагыдай эле, саат 07:00дөн 11:00гө чейин жана 14:00дөн кечки 23:00гө чейин иштейт. Транспортту жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн санитардык тыныгуу саат 11:00дөн 14:00гө чейин.
Соода борборлору, үйлөр, комплекстер, дүкөндөр, супермаркеттер күн сайын эртең мененки саат 07:00дөн 00:00гө чейин иштешет. Эс алуу жайларына, аянттарга, бульварларга барууга убактылуу чектөөлөр алып салынып, велосипедди ижарага алуу пункттарынын ишмердүүлүгүнө уруксат берилди.
Ошол эле учурда, тойканалар жана көңүл ачуучу жайлар (түнкү клубдар, барлар, караоке клубдар, кальяндар, кинотеатрлар, интернет клубдар, компьютердик мекемелер жана башкалар); балдар аянтчалары жана көңүл ачуучу жайларга уруксат бериле элек.
Жогорудагы чаралар атайын буйрук кабыл алынганга чейин, башкача айтканда Бишкек шаарынын аймагындагы эпидемиологиялык кырдаал жакшырмайынча колдонулат жана менчик ээсине карабастан, бардыгы үчүн милдеттүү.