БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирустун айынан дүйнө жүзү боюнча 100 миңдеген бала каза болушу мүмкүн экендигин айтып чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, башкы катчы коронавирустун айынан орун алган каржы каатчылыгынан улам балдар дуушар боло турган коркунучтар тууралуу доклад жасаган.
"COVID-19 пандемиясы глобалдуу рецессия жайылтты, ал адамдардын каражаттарына өз таасирин тийгизүүдө. Дүйнө жүзү боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр өзүн жана балдарын толук кандуу тамак-аш менен камсыз кыла алышпайт. Бул шарттар баланын ден соолугуна таасир берет", - деген Гутерреш.
Айрым мамлекеттерде полиомиелит жана кызамыкка каршы эмдөө токтотулган, мындан улам өз учурунда жардам көрсөтүлбөгөн көптөгөн балдар көз жумуп жатканын да айткан.
Башкы катчы ар бир өлкө эч кечиктирбестен, балдарга коркунуч туудуруп жаткан ар бир маселе менен иштеши керек экендигин, болбосо балдардын өлүмүнүн саны күн санап өсөрүн эскерткен.
Айта кетсек, Гутерреш апрель айынын башында дүйнө жүзү боюнча карантин учурунда күч алган үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү керек экендигин билдирген.