Түркияда "Лоту Гули" деген каймана ат менен таанымал болгон кримтөбөл Надир Салифовду атып кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Салифовду Анталиядагы ресторанда кечки тамактануу учурунда аткан. Ал башынан жаракат алып, ооруканада каза болгон. Ал эми аны аткан жаран окуя болгон жерден көп өтпөй колго түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү дагы башка криминалдык чөйрөнүн өкүлү.
Маркум Надир Салифов 1972-жылы Грузияда төрөлгөн. Ал 22 жыл Азербайжанда камакта болуп, эркиндикке чыккандан кийин Түркияга кеткен. Ал жактан 2018-жылы депортация болгонуна карабай, кайра мыйзамсыз жол менен өлкөнүн аймагына киргени айтылат.