Өзбекстанда бир күндө 181 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ташкентте - 177 адам, Андижанда - 4 киши коронавирус жуктуруп алды. Саат 17:00гө карата илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 37 миң 547ге жетти. Бул илдеттен айыгып чыккандардын жалпы саны 22 миң 261ди түзөт.