Пандемия шартында өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо системине күч келип жаткандыктан элдин безгек (малярия) менен күрөшүүсү кыйындап баратат. Бул тууралуу "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс өз баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, көп мамлекеттерде коронавирус жогорку чегине жетти, эми безгек оорусу күчөшү мүмкүн.
"2014-жылы Батыш Африкада Эбола эпидемиясы тараганда безгек, кургак учук жана СПИД сыяктуу эндемиялык оорулар Эбола оорусуна караганда көп өлүмгө алып келген. Анткени эпидемия жергиликтүү саламаттыкты сактоо системин жок кылган. Ушундай эле учур COVID-19 фонунда кайталанышы мүмкүн", - деп билдирген Билл Гейтс.
Ал белгилегендей, учурда пандемияга байланыштуу Африканын көптөгөн аймактарында безгектен коргогон торлорду, керектүү дары-дармектерди жана экспресс-тесттерди алуу көйгөйү жаралууда.
Гейтстин айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун божомолу боюнча, эгерде кырдаал жөнгө салынбаса, Африка өлкөлөрүндө безгектен каза болуу 2000-жылдагы көрсөткүчкө чейин жетиши ыктымал. Анда 764 миң адам каза болгон.