90 бюджеттик орун бөлүндү. Медициналык багыттагы адистиктерге кошумча тур жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги өкмөттүн 20-августагы №429 токтомуна ылайык, медициналык багыт боюнча билим алуучулар үчүн кошумча 90 гранттык бөлдү. Бул тууралуу онлайн брифингдин жүрүшүндө Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Маалым болгондой, токтом пандемия шартындагы медициналык адистиктерге болгон муктаждыкты эске алуу менен кабыл алынды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылык кыймылдардын лидерлери жана активисттери менен жолугушуусунан кийин, Билим берүү жана илим министрлигине эпидемиолог, инфекционист, вирусолог жана реаниматолог медициналык адистиктери боюнча кошумча гранттык орундарды кароо тапшырмасын берген.

90 гранттык орун:

  • Дарылоо иши адистиги – 70;
  • Медициналык-профилактикалык иш адистиги – 20.

Гранттык орундар бөлүнгөн ЖОЖдор:

  • Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Дарылоо иши адистиги – 25, Медициналык-профилактикалык иш адистиги – 10.
  • Кыргыз-Россия славян университети. Дарылоо иши адистиги – 20.
  • Ош мамлекеттик университети. Дарылоо иши адистиги – 25, Медициналык-профилактикалык иш адистиги – 10.

Кошумча гранттык орундар төмөнкү адистиктерге бөлүндү: эпидемиолог, инфекционист, пульмонолог, вирусолог, реаниматолог. Бул студенттер бакалаврды аяктаган соң жогорудагы багыт боюна ординатурада окуусун улантышы керек.

Кошумча гранттык орундарга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн өтчү кошумча тур 22-августтан 27-августка чейин болот.

Кошумча гранттык орундарга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн өтчү кошумча тур 22-августтан 27-августка чейин болот: 22-27-август, саат 14-00гө чейин талондорду каттоо, ал эми 28-29-август, саат 17-00гө чейин абитуриенттердин ЖОЖго кабыл алууну каалоосун тастыктоосу керек.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg сайтында катталышы керек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан