Ысык-Көлдө бир суткада 150 адамдан пневмония илдети аныкталды

Ысык-Көл облусунда акыркы суткада 150 адамдан пневмония, дагы 4 адамдан (Ысык-Көл району - 3, Тоң районунда -1) коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берип жатып билдирди.

"Облус боюнча март айынан бери илдет жалпы 1 миң 416 адамдан аныкталган. Анын 568и ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылса, тилекке каршы, 49 бейтап каза болгон. Калганы стационарларда дарылануусун улантууда.

Өткөн суткада 154 тургун коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркап жатканы аныкталды", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 28 миң 251 адам коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркаса, анын 1 миң 79у каза болгон. 14 миң 776сы айыгып, үйлөрүнө чыгарылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhanka1234
2020-07-21 13:55:20
Ысык-Колду жапкыла! Кундон кунго кобойуп баратат! Мед.кызматкерлер жетишсиз, алсыз болуп баратат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан