Израилдин Эйлат шаарында 16 жаштагы кыз аны 30 адам зордуктаганын айтып, полицияга арыз жазды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 16 жаштагы кыз курбулары менен спирт ичимдигин ичип эс алган. Ал мейманканага келип жатканда белгисиз адамдар күчкө салып зордукташкан. Полиция учурда бир нече шектүү адамды кармады. Алардын бири зордуктоого 30 адам катышкандыгын айткан.
Мейманкананын видеокамераларында кыз жаткан бөлмөдө бир нече киши кезекте турганы жазылып калган. Зордуктоого катышкандардын айрымдары баары кыздын макулдугу менен болгондугун жана аларды өзү кезеги менен чакыргандыгын билдиришкен.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул окуяны адамзатка каршы кылмыш деп баалады.