74 жыл музей болгон. Түркия православдык монастырды мечитке айлантат

Түркия өкмөтү Стамбулдагы Хора монастрын мечитке айлантуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, монастрь Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан. Мындан 74 жыл мурун музейге айланган.

"Бул Комнин императорунун доорундагы көрүнүктүү византия эстеликтеринин бири. Ал дин иштери боюнча башкармалыгына өткөрүп берилет. Ошону менен византиялык "фрескалар" (боёк менен тартылган сүрөттөр) алынат", - деп жазылат басылманын маалыматында.

Монастырь VI кылымда (биздин заманда 534-жылы) курулган. Стамбулдагы эзелки тарыхый эстеликтеринин бири. 1511-жылы мечитке айланган. Хора монастыры 434 жыл ичинде мечит катары кызмат кылып, ал эми 1945-жылы музейге айланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ZUXRIDDIN20
2020-08-21 14:52:41
Өтө жакшы
-2
suban78
2020-08-21 15:45:46
Эмнеси жакшы, тарых катары тура берсе болмок. Израилде, мусулмандар менен элдешкис кас болгон мамлекетте деле чон чон мечитттер турбайбы. Бул тарых да. Эки религиянын ортосуна кастык жаратат да.
Авганистанда да тоого чегилип жасалган буддалардын айкелдерин жардырып салышты. Тура берсе кимге зыяны тийди эле. Аша чаап кеткенибиз жаман да
+4
ZUXRIDDIN20
2020-08-21 22:07:05
suban78,эмне эми ошол капырлар дан коркуп өздөрүнүн жериндеги имараттар га ээлик кыла алышпасынбы
-1
Agayu
2020-08-21 15:50:14
Ушундайлардын айынан мусулмандар мамлекетинде тынчтык жок .Еврейлер хитрыйлар башкача жайлайт Эрдоган өзүнчө эр болуп чыга калат.Эски жараны козгоп не кылат .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан