Тихановская Беларусь элин иш таштоону улантууга чакырды

Беларусь өлкөсүндө президенттик шайлоодогу Александр Лукашенконун башкы атаандашы болгон Светлана Тихановская 21-августта эртең менен видео кайрылуу жасап, өлкөдөгү жумушчуларды иш таштоону улантууга жана жайылтууга чакырды.

"Кымбаттуу элим, "Беларускалий", "МТЗ", "Гродно азот" жана башка ишканалардын жумушчулары. Силер жаңы, эркин Беларустун символусуңар. Биздин өлкөнү өзгөртө алчу жана келечегин өзгөртүп жаткан күчтүн символусуңар. Силер диктатураны чочутуп койдуңар, ал силердин кайрат-күчүңөрдүн алдыңарда коркконунан титиреп калды", - деп айтылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, 20-августта "МАЗ" заводундагы иш таштоону уюштургандардын башында турган Евгений Бохвалов кармалган.

"Иш таштоо – режимге каршы эң мыйзамдуу жана кубаттуу курал. Алар муну билет жана ошон үчүн силерди коркутууда", - дейт Тихановская.

Белгилей кетсек шайлоонун жыйынтыгына каршы иш таштоо өткөн аптада башталган. Ал эми 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Жыйынтыкка ишенбеген беларустар 13-күн катары менен нааразылык акцияларын улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Agayu
2020-08-21 18:03:49
Беларуста жакшы иш бар экен , биздечи ? Бизде зато мигранттар бар .Бир күнү мигранттар да тажашат .
+5
nazira...
2020-08-21 22:16:41
Аял адам жон эле журбойбу десен эми. Кимге таянып ушу ишти кылып атат экен. Же биз куйоолорубуз айткандан чыкпай конуп калган учунбу. Билбейм, украинада аял ушинтип чыкты эле тынчыдв го,
+3
Suzak12
2020-08-22 14:59:43
Экинчи Отунбаева Беларусь эли алданбагыла орун алмашуудан сумма озгорбойт дегендей лучше ошол эле президентинер жакшы.Россиянын кайсыл магазинине кирсен Беларусиянын продукталары эн алдынкы качество.Украинадан сабак алсанар болот.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан